06.08.2018 12:07

Быйыл 19 калктуу пунктту газдаштыруу үчүн долбоордук-иликтөөчү иштер жүргүзүлөт

Быйыл 19 калктуу пунктту газдаштыруу үчүн долбоордук-иликтөөчү иштер жүргүзүлөт

Кыргызстандагы газдаштыруу деңгээли 2014-жылкы 22 пайыздык көрсөткүчтөн 30% дейре өстү. Бул туурасында «Газпром-Кыргызстан» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн 3 жыл аралыгында өлкөнүн газ тармагына 22 млрд сомдон ашык каражат салынган. Бул каражатка 113 чакырымдык  «Бухара – Ташкент – Бишкек - Алматы» газ түтүгү кайрадан курулган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 16 калктуу аймак газдаштырылган. Алар: Керамическая, Кара-Балта, Кайыңды, Көк-Жар, Балбан-Таймаш, Ленин, Бурдинская, Кара-Жыгач, Жеңиш, Ала-Тоо, Касым, Көлмө, Керемет, Салам-Алик, Щербаков, Мыкан. Бишкектеги 16 конушта, Чүй жана Ош облустарында узундугу 400 чакырымдан жогору газ бөлүштүрүүчү куурлар салынып, 100 миңден ашуун тургун, 20 миң үй  экологиялык отун колдонууга мүмкүнчүлүк алышты

«2018-жылы Токмоктогу газ бөлүштүрүүчү куурларды калыбына келтирүү иштери башталды», -деп билдирет ишкана. Быйыл  Бишкек шаарында жана Чүй облусунда узундугу 274 чакырымды түзгөн газ куурларын салуу аягына чыгып, 12 миңден ашык үйдү газга туташтырууга шарттар түзүлөт. Андан сырткары, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы 19 калктуу пунктту газга кошуу үчүн долбоордук-иликтөөчү иштер жүрөт.